• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутаттар жаңы вице-спикерди шайлашты

27 Үчтүн айы 2021 13:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы жыйында вице-спикерди шайлашты. Бул кызматка оппозициядан 2 талапкер — Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс») чыккан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») 77 добуш топтоду. Ал эми Улан Исмаиловдун («Өнүгүү-Прогресс») талапкерлигин 38 депутат колдогон.

Буга чейин вице-спикерлик кызматты Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») ээлеген. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Эске салсак, Сыдыгалиев 2019-жылы өз арызынын негизинде депутаттык ишмердүүлүгүн токтоткон «Ата Мекен» партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келген. Алардын айтымында шайлоо учурунда эки талапкер бир мандатты бөлүп алууга макулдашышкан. Сыдыгалиевдун айтымында, депутаттык мөөнөттүн жарымын ал, калган ижарымын досу Шыкмаматов аркаламак.

Учурда мурунку депутат Алмамбет Шыкмаматов жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун шайлоо учурундагы Нарын облустук штабын жетектеген.

Количество просмотров: 192