• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар жалаа жабуу, мазактоого айып пулду 20 миң сомго азайтышты

26 Жетинин айы 202415:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору толуктоолор менен экинчи окууда жактырды.

Буга чейин Укук бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жана Юстиция министрлиги иштеп чыккан. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратууга тыюу салынып, жалган кабарларды же билдирүүлөрдү жазды деген жарандар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөө керктиги сунушталган.

Бул долбоордун айланасында бир катар талкуулар жаралган. Узакка созулган талкуулардан кийин депутаттар жеке жактарга айып пулду 20 миң сомго, юридикалык жактарга 65 миң сомго чейин кыскартты.

Ошондой эле мыйзамды ишке ашыруу ыйгарым укуктары Маданият министрлигине эмес ИИМге өткөрүлүп бериле турганы жазылган.

Количество просмотров: 134