Депутаттар жайкы эс алуудан келгенден тарта эле Жогорку Кеңеш өзүн өзу таркатып жаңы мөөнөтунөн мурда шайлоо боло турганы тууралуу кептер айтылып жаткан.
Бүгүн парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңешти өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттын колу коюлган сунуш ага түшкөнүн жана андагы жүйөлөр негиздүү экенин айтты. Демилгелүү топ катында кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтөрүн, 2027-жылдын январь айына президенттик шайлоо дайындалганын билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясы эки саясий иш-чараны аз убакыттын ичинде өткөрүүгө жетишпей каларын негиз кылган.
Депутаттардын мөөнөтүнөн мурда кетип жатканы коомчулукта бир катар кептер менен коштолуп, акыркы эки жумадагы талкууга алынган негизги тема болду.
Мындан улам биз сурамжылоо жүргүзүп, айрым депутаттардан учурда болуп жаткан кырдаал тууралуу пикирин угуп, ошону менен катар мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп калса кайрадан депутат болуп келүү үчүн шайлоого аттанабы же жокпу кызыгып көрдүк…