• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Жаманбаеваны Акыйкатчы кызматына шайлашты

17 Бугу 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы кызмат ордуна талапкерлерди карап, көпчүлүк добуш менен Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакыт Рысбековдун талапкерлигин 20 депутат колдосо, ал эми Жамиля Жаманбаеваны 48 депутат колдоду.

Белгилей кетсек, “Мекенчил” депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Жаманбаева Жамиля Акматбековнанын талапкерлиги сунуштаган.

Ал эми Рысбеков Бакыт Токталиевичтин талапкерлигин “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы көрсөткөн.

Белгилей кетсек, “Ыйман нуру” партиясы сунуш кылган Кулира Кубатова талапкерлигин алып салган.

Эске салсак, мурдагы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.

Количество просмотров: 76