• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кубатова Акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тартты

17 Бугу 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Акыйкатчы кызматына сунушталган талапкерлер каралууда. ЖК фракциялары бул кызматка үч адамдын талапкерлигин көрсөткөн, бирок жыйын учурунда бир талапкер өз каалоосу менен талапкер болуудан баш тартты.

“Ыйман Нуру” фракциясы көрсөткөн Күлира Кубатованын жыйында сөз алып, Акыйкатчы кызматына талапкер болуудан баш тарта турганын жана аны колдогон фракция менен комитетке ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 16-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы сунуш кылган талапкер Жамиля Жаманбаеванын жана “Ыйман Нуру” фракциясы көрсөткөн Күлира Кубатованын талапкерлигин карап, жактырышкан.

Ал эми бүгүн «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчылыкка Бакыт Рысбековдун талапкерлигин сунуш кылды.

Эске салсак, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы Жогорку Кеңеш 3-майдагы жыйынында бир топ депутаттардын каршылыгына карабай мөөнөтүнөн мурда кызматынан алган. Бир катар эл аралык уюмдар парламенттин чечимин сындаган.

Количество просмотров: 106