• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар ЖЭБге барып, кырдаал менен таанышты

13 Бирдин айы 2024 15:07 Бишкек Govori.TV

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты.

Иш-чарага катышкан энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор болуп, жалпы кубаттуулугу 392 МВт түзгөн.

«2-февралда саат 2:59 мүнөттө буу казан цехинин имаратында жарылуу болуп, 6 буу казан агрегаты өчүрүлгөн. Бул мезгилде Бишкек шаарынын ЖЭБинде 3 жана 4 блок иштеп, кубаттуулук 196 МВтга чейин азайган», — деген министр Ибраев.

Министр 8-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 311 МВт түзгөнүн маалымдап, бүгүнкү күндө Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери калыбына келтирүү жумуштарын улантып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 6-февралдагы кезектеги жыйынында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал тууралуу маалымат угулган.

Количество просмотров: 63