• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутаттар Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоду

27 Чын куран 202212:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Кулубаевдин талапкерлигин депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Кулубаевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоду.

Эскерте кетсек, кечээ тармактык комитет тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берүү үчүн Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.

Количество просмотров: 100