• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутаттар жеке учак менен Меккеге учтубу?

27 Бугу 2019 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн социалдык түйүндөрдө Жогорку Кеңештин депутаттары
Алтынбек Сулайманов жана Исхак Пирматовдун жеке учак менен ажылык сапарга бараткандагы видеосу тарады. Эл өкүлдөрүнүн бул жоосуну коомчулукту иренжитти.

Ал эми, видеону өзүнүн жеке баркчасына илген депутат Алтынбек Сулайманова, «Автобуста жүрсөм самолёт дейсиңер, самолётко түшкөндө өзүм эле салам бул жакка»-деп билдирди.

Чындыгында видеодогу тартып жүргөндөрдүн кадр сыртындагы сүйлөгөндөрүнө караганда бул учак эмес, болгону учакка окшотурулуп жасалган автобус экен.

Белгилүү болгондой, мындай автобустар аба майдандын жанында көп эле турат. Баасы адам башына 20 риал. Ал эми сомго которгондо 600 сом.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында туристтердин арасында өтө суроо талапка ээ.

Видео туурасында Алтынбек Сулаймановго, социалдык баракчасындагы дарегине жана уюлдук телефонуна байланышып жооп ала алган жокбуз.

https://www.facebook.com/142676126400083/videos/444203109731235/UzpfSTEwMDAwMzMxNjQwMzkzODoyMjIxODM4MjQ0NjAzMzY3/?epa=SEARCH_BOX
Количество просмотров: 10