• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутаттар Жогорку Кеңеште бир жума иштебейт

1 Жетинин айы 201918:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламентине ылайык, депутаттар 2019-жылдын 4-5-6-ноябрында өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында маалымдалат.

Белгилей кетсек, ноябрь айында кыргызстандыктар 7-11-ноябрда төрт күн катары менен эс ала турганын буга чейин  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришкен. Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Ал эми калган эки күн ишемби, жекшембиге туура келет.

Количество просмотров: 88