Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 31-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Маалым болгондой, алар 31-июлга чейин камакта болот.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМКдагы сурактан кийин Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнебков менен депутат Төрөбай Зулпукаров кармалган. Зулпукаровго “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Ал эми Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.