• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Депутаттарды тинтүү окуясынан кийин Анжиян шаарынын прокурору отставкага кетти

24 Бугу 202111:07 Бишкек Govori.TV

Анжиян шаарынын прокурору Курбонали Аскаров отставкага кетти. Расмий маалыматка караганда, аны кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка 21-майда Өзбекстандын башкы прокурору кол койду.

Аскаров Анжиян шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жаткан учурда укук коргоо органдары айрым эл өкүлөрүн тинткен окуядан иштен алынды.

Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Курбонали Аскаровдун отставкасы эл өкүлдөрүн тинтүү иши менен байланышта эмес экенин билдирди. Көзөмөл орган ал өз каалоосу менен жумуштан бошогонун белгиледи.

17-майда Анжиян шаардык кеңешинин сессиясы өтүп жаткан маалда укук коргоо органдары тинтүү жүргүзүп, алардын кол тийбестик укугун бузуп, мобилдик телефондорун алып коюшкан.

Депутаттарды тинтүүгө шаардык прокуратуранын кызматкерлери да катышканы айтылган.Депутаттарды тинтүү окуясынан кийин Анжиян шаарынын прокурору отставкага кетти

Количество просмотров: 122