Бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жеңилдеттирилген кредиттер менен камсыздоо маселелери талкууланууда.
Жыйында депутат Балбак Түлөбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду сабырдуу болууга чакырды.
«Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна сабырдуулук менен жооп бериңиз. Бир нерсени өткөргүңөр келсе, президенттин тапшырмасын аткарыйын десеңер. Биз душман эмеспиз, депутаттарды угуш керек», — деди Түлөбаев.