• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутаттардын эсеп-чоту. Жогорку Кеңешке кимдер келип, кимдер кетти?

6 Аяк оона 202417:42 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кеткен учурда  бир нече депутат мандатынан ажыраган. Алардын ордуна жаңы депутаттар келип депутаттык ишин башташты.

7-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат: 54 парламентарий бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36сы мажоритардык система боюнча бир мандаттуу округдардан шайланган.

2021-жылы ишке киришкен бул чакырылыштагы Жогорку Кеңештин курамы кандайча жаңыланганын карап көрөлү.

Диплом чырына байланыштуу мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болгон. 2022-жылдын 14-январында УКМК Орозайым Нарматованын («Бүтүн Кыргызстан») диплому жасалма экенин билдирген. 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы мандатынан ажыраткан.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаты Равшанбек Сабиров 2022-жылы КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттиктин директорунун төрагасы болгондон улам депутаттыктан кеткен. Анын ордуна Мейкинбек Абдалиев келген.

Диплом чырынан улам депутаттык мандаттан кол жууган Фарходбек Алимжановдун (“Альянс”) ордуна Айсулуу Мамашова ЖК депутаты болду.  

Буга катарлаш эле диплом чыры дагы бир депутаттын мандатын алды. “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен талапкер болгон Фархат Исмаилов мандатынан ажырап, анын ордуна Чынберди Төлөнов келди.

Ал эми Ленин шайлоо округунан депутат болгон Жаныбек Абиров ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу арызын БШКга өзү берди. Буга себеп депутат катышкан мушташ болду. Абировдун мандаты үчүн кайра шайлоо дайындалып, биринчи шайлоо жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо өтүп андан Кубанычбек Самаков жеңип парламентке келди.

Жыйын учурунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен айтыша кетип элдин эсинде калган депутат Өмүрбек Бакировду БШК шайлоодо добуштарды сатып алган деген айыптан улам мандатынан ажыраткан. Бош калган мандатты Борбордук шайлоо комиссиясы Көк-Жар шайлоо округунда экинчи орунду алган Равшанбек Рысбаевге тапшырды.

Жогорку Кеңештин имаратынын терезесинен секирип, качып кеткен депутат Эмил Жамгырчиев өзүнө козголгон кылмыш ишинен улам мандатын тапшырган. Анын ордуна “Альянс” партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкер Элдар Абакиров депутат болгон.

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына кетип, анын ордуна Абдыбахаб Боронбаев келди. Бирок, Боронбаев да бул орунда көпкө олтурган жок. Ал Райымбек Матраимовго байланыштуу мандатын тапшырган. Анын ордун Саид Зулпуев ээледи.

“Райым миллион” атыккан экс-бажычы Райымбек Матраимовдун айланасындагы иштерден улам анын агасы Искендер Матраимов да өз мандатын тапшырып берүүгө аргасыз болгон. И.Матраимов шайланып келген Кара-Суу шайлоо округунан депутат болуп Илимбек Кубанычбеков келген.

Матраимовдун ишинен улам дагы бир нече депутат мандаттарынан айрылышты. Алардын бири Нурлан Ражабалиев болду, анын ордуна Бактыяр Калпаев (Баткен шайлоо округу) ЖКга депутат болду.

Буга катарлаш эле Айбек Осмонов да мандатын тапшырды. Ош бир мандаттуу шайлоо округунан келген Осмоновдун орду Бекмурза Эргешовго тийди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен болгон чырдан көп өтпөй эле ЖК депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын өз арызы менен тапшырып берген.  Анын мандаты үчүн Ноокат округунда кайра шайлоо өтүп, жыйынтыгында Бакытбек Марипов жеңишке жеткен.

Ал эми Максатбек Сарбагышев Ысык-Көл району боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, «Элдик» депутаттык тобунун мүчөсү болгон. Ал дагы жогорудагы депутаттардай эле өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. БШК кайра шайлоонун жыйынтыгы менен Айжигит Тыналиевге мандат берген.

 “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында камакка алынган. Биринчи Май райондук соту депутатты күнөлүү деп таап, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза чегерген эмес. Мадумаров 25-апрелде абактан бошотулган. 26-апрелде БШК анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Анын ордуна Аккулу Бердиев келген.

ЖК депутаты болгон Шайлообек Атазов дээрлик эки жылдан кийин шайлоодогу добуш сатып алуу чырынан улам мандатынан ажырады. 2022-жылы болгон Свердлов районундагы шайлоодогу чыр Атазовдун мандаттан ажыроосу жана кайра шайлоо дайындалышы менен токтоду. Бул округдагы шайлоодо Жумабек Салымбеков жеңген. Шайлообек Атазов Райымбек Матримовдун тарапташы катары да белгилүү болчу.

Мейкин Абдалиев парламентке келгенге чейин ишкерлик менен алектенип, көп жылдар бою өзү туулуп-өскөн Ноокен районунун администрациясында иштеген. Абдалиев 6-чакырылышта да депутат болгон. Ал эми 7-чакырылышка Равшанбек Сабировдун ордуна келген. Мейкин Абдалиев мандатын өз каалоосу менен тапшырганы жайында белгилүү болду. Ал эми кечээ жакында эле БШКга мүчө болуп дайындалды. А анын бош калган мандаты Арсланбек Эгембердиевге тийди.

Жайкы каникул аяктап бара жатканда “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков  УКМКга суракка чакырылганы коомчулукка маалым болду. Ал буга чейин жетектеп келген «Ыйман» фондунун иши боюнча сурак бергенин айткан. Мындан көп өтпөй депутат мандатын тапшыруу тууралуу арызын жазды. Анын ордуна партия тизмесиндеги кийинки талапкер Эрнис Айдаралиев мандат алып, ЖКда ант берди.

Учурда Жогорку Кеңештеги Тазабек Икрамовдун мандаты бош турат. Икрамов мандатын өз ыктыяры менен тапшырганы коомдо бир катар талкуулар менен коштолгон. Ал 17-июлунда  УКМКга суракка чакырылганы маалымдалган. Ал эми 19-июлда Тазабек Икрамов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганы белгилүү болду. Икрамов шайланып келген №13 Сузак округундагы кайра шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Анда 9 талапкер ат салышууда.

Количество просмотров: 155