Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу бүгүн,13-октябрда өткөн маалымат жыйында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
«Жалпысынан жарык өчүрүү болбойт. Былтыр Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз болгон учурда дагы жарык өчүрүү болгон эмес. Биз мурда маалымдагандай энергетика объекттеринде капиталдык жана утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлдү. Аба ырайына байланыштуу авариялык өчүрүүлөр болуп калышы мүмкүн. Бирок ал убактылуу гана. Бардык жумуштар график боюнча жүрүп жатат», — деди ал.
Мындай жагдай тууралуу эл өкүлдөрү кандай пикирде тургандыгын айтышты. Алардын көпчүлүгүнүн пикири боюнча кыска убакытта эле министрлерди алмаштыра берүү иштин жүрүшүнө терс таасирин тийгизет.