• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутаттардын суракка чакырылышында саясий куугунтук белгилери бар экени айтылды

20 Жетинин айы 2020 12:30 Бишкек Govori.TV

“Саясий репрессияларга каршылык көрсөтүү комитети” уюму Жогорку Кеңештин төрт депутаты Ички иштер министрлигине суракка чакырылышында саясий куугунтуктун белгилери бар деп эсептейт. Уюм 20-ноябрда кайрылуу жарыялап, депутаттар Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев президенттик шайлоону парламенттик шайлоого чейин өткөрүүгө жана Конституциянын жаңы долбооруна каршы пикирин билдирип чыкканы үчүн суракка чакырылып жатат деп эсептеп, муну күч түзүмдөрүнүн бийликтин мыйзам чыгаруу бутагына басымы катары баалады.

Уюмдун жетекчиси Адил Турдукулов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, соңку жылдары Кыргызстанда тандалма жазалоо саясаты жүрүп, азыркы бийлик да ошол катаны кайталоодо:

“Саясий оппоненттерге басым жасап, саясий чөйрөнү тазалоо ыкмасы үч революцияга себепкер болгон. Садыр Жапаров да, анын бийлиги да ошол эски илдетти кайталап жатканы абдан өкүнүчтүү. Келечекте президент болом деген адам элди бөлбөй, тескерисинче, бир консенсуска келүүгө, сүйлөшүүгө, диалогго барышы керек. Бир гана саясий оппоненттери менен эмес, жарандык коом жана көз каранды эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен. Антпей жатканы өкүнүчтүү”.

20-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирүү таратып, “Эч кимге эч кандай кысым болгон жок, тергөө 5-6-октябрдагы окуялар боюнча тиешелүү жарандарды күбө катары чакырды” деп билдирди.

Количество просмотров: 160