• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутаттарга эмнеге айлык төлөнбөй жатат? Түшүндүрмө

2 Жетинин айы 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Парламенттин басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин депутаттары менен аппараттын кызматкерлерине эмне себептен маяна төлөнбөй жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

«5-6-октябрдагы болуп өткөн окуялардан улам Жогорку Кеңештин имаратындагы компьютерлер талкаланып, уурдалып, документтер жоголгондугуна байланыштуу тиешелүү эсеп-кысап бөлүмүнүн ишинде да көйгөйлөр жаралган. Натыйжада Жогорку Кеңеште иштегендердин айлык маянасын убагында берүү кечеңдеди. Учурда документтерди калыбына келтирүү менен эсептөө иштери жүргүзүлүүдө. Каралган акча толук бойдон кийинки аптанын жума күнүндө төлөнүп берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин парламент депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин кызматкерлери менен депутаттарга айлык төлөнбөй жатканын жазган.

Количество просмотров: 284