• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Депутаттын кызына ким кол салган? 5 жаштагы Акбермет таенеси менен конокко келип каза болду. Соңку жаңылыктар 16 07.18.

16 Теке 2018 14:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.07.2018. Govori.TV

Депутаттын кызына ким кол салган?
«Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Кенжебек Бокоевдин кызына кол салуу боюнча кылмыш иши ачыла электигин бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахмановбилдирди.»Бул боюнча кылмыш иши ачыла элек, кылмыш кылган адамдарды издөө иштери жүрүп жатат», — деди ал өз сөзүндө.Айта кетсек, 2017-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарынын 12-кичи районунда депутат Кенжебек Бокоевдин 17 жаштагы кызына белгисиз адамдар кол салышып, бычак менен бутка сайып качып кетишкен.
Памирлик кыргыздардын башчысы каза болду 
Ооганстанда жашаган памирлик кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында каза болду. Бул тууралуу аталган аймакты изилдеген Жаңыл Жусупжан өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты. «Эраалы хан катуу оорудан улам Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага жеткирилип, ошол жерден үзүлүп кеткен», — деп жазган Жаңыл Жусупжан.Айта кетсек, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген. 2018-жылдын февралында дагы эки үй-бүлө көчүп келген. Ал эми Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесиненкелген 18 кыргыз 9-июлда кайра өз жерине кетишкен.
Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду 
Ошто 5 жашар кыз сууга агып каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Окуя 15-июлда саат 17:00 чамасында катталган.»5 жаштагы Акбермет таенеси менен Ош шаарына караштуу Озгур айылына конокко келген. Ал каналдын жээгинде ойноп жаткан учурда кароосуз калган. Наристенин ата-энеси ажырашып кеткендиктен, ал таенесинин колунда тарбияланып жаткан», — деди басма сөз кызматы.»Ош шаардык милициясы Ош шаарынын тургундарын жана конокторун сууга түшүүдѳ коопсуздук чараларын кѳрүүгѳ чакырып келет. Ошого карабастан ата-энелеринин, жакындарынын шалаакылыгынан сууга түшүү сезонунда балдардын сууга чѳгүп каза болгон 3 учуру катталды» деп кошумчалайт маалымат катчы.
Количество просмотров: 8