• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутаттык этика кодексин өзгөртүү пландалууда

14 Кулжа 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

13-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан түзүлгөн депутаттык этика кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өттү.

Жыйында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун Демократиялык башкаруу жана гендердик маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Юлия Нетесова аталган маселе боюнча кеңири баяндама жасады. Ал аталган кодекстин эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кодекске зарылчылык жаралса өзгөртүү киргизүүгө шарт түзүү, эрежелерди мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүп, ачык кылуу, жоопкерчиликти жогорулатуу үчүн кодексти конструктивдүү колдонуу боюнча жарандык коом жана ЖМК менен диалог жүргүзүү тууралуу негизги беш сунуштамасын берди.

Андан соң, комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова эл өкүлүнүн этикасы анын негизги куралы экенин айтып, 2008-жылы кабыл алынган Жогорку Кеңештин депутаттынын этикалык кодексин жаңылап иштеп чыгуу мезгил талабы экенин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттын этика кодексин иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топ аталган маселе боюнча жакын арада бир нече ирет талкуу өткөрүп, кийинки айда кодексти коомдук талкууга чыгарууну сунушташты.

Количество просмотров: 58