• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Депутаттык комиссия: Экс-президент бийлигинен кандай пайдаланган

17 Кулжа 201915:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, Жогорку Кеңеште экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө. Жыйынга төрага К.Иманалиев жана мүчөлөр К.Рыспаев, Б.Турусбеков жана башка эл өкүлдөрү катышууда.

Төрага Каныбек Иманалиев жыйындын алкагында комиссия мүчөлөрүн жалпы жоболору менен таанышытырып, ал эми депутат Талант Мамытов экс-президентти статусунан ажыратуу боюнча демилгелүү топтон Жогорку Кеңешке келип түшкөн катты окуду.

Бул кайрылууда «Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 123 курал берген, анын арасында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар жана анда коррупциялык иштер орун алган. Мындан сырткары 35,65 гектар айдоо аянттары мыйзамсыз трансформацияланган. Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери да мыйзамсыз алынган. Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Акча адалдаган «Ака инвест» жана «Текесай Жаштары» компанияларына тиешеси болгон. Ошондой эле Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын сүрөгөн. Атамбаев бийликте туруп анын бийлигине каршы чыккан саясатчылары, журналисттерди куугунтуктаган» деп айтылат.

Эскерте кетсек, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия 13-июнда түзүлгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.


Количество просмотров: 20