• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутаттыкка талапкердин тууганы акча таратып жүргөн жеринен кармалды (видео)

17 Жетинин айы 2021 13:24 Бишкек Govori.TV

КР ЖК депутаттыгына кандидаттардын биринин добуштарды сатып алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде (Шайлоочуларды сатып алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы, Кыргыз Республикасынын жараны С.М.О. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы каралайт.

«Такталгандай, КР ЖК депутаттыгына кандидаттын жакын тууганы болгон С.М.О., «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын бузуу менен, Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, соттун санкциясы менен 2021-жылдын 16-ноябрында акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуштарын сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. Ошол эле учурда С.М.О. жана анын унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты табылган.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдарынын жана саясий партиялар тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары бузулган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары алкагында катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Количество просмотров: 2646