Депутат Арсланбек Эгембердиев күнүнө ар бир адамдан 50 тыйындан садака жыйноону сунуш кылды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште дин тууралуу мыйзам боюнча парламенттик угуу болуп жатканда айтты.
Депутаттын келтирген жүйөсү боюнча, акыркы кезде кайыр садака сурагандар көбөйгөн. Алардын айынын жума намазга мечитке кирүү кыйын, унааларга тоскоолдук жаратат.
А.Эгембердиев кайыр садака сурагандардын көйгөйүн чечүү үчүн ар бир адам күндө 50 тыйындан берсе, айына бул болгону 15 эле сом болуп кыйынчылык деле келтирбейт. Кыргызстанда азыр уюлдук байланыштардын 3 млн кардары бар, алардын баары 50 тыйындан жыйнаса айына 45 млн сом болот. Бул каражаттарды кимдер чындап муктаж болуп жатса, мисалы, операция жасатуу зарыл болуп жатса, ошолорго берип, кайрымдуулукту туура нукка буруу керек дейт депутат.
Депутаттын мындай сунушу социалдык тармактарды колдонуучулар арасында бир кездеги Максим Бакиевдин 60 тыйынын эске салууда.