ЖКнын «Альянс» фракциясынын депутаты Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүндө тинтүү жүрүп жатат. Депутаттын иш бөлмөсүндө атайын кызматтын бир нече кызматкери турат.
Депутат Жанар Акаевдин айтымында, бул маселе депутат Гүлкан Молдобековага тиешеси жок, башка иштен улам болууда. А депутат өзү учурда төрага менен чоогу иш сапарда Өзбекстанда жүрөт. Бирок Акаев тинтүү кайсы иштин алкагында жүрүп жатканын тактаган жок.
Ал эми айрым маалыматтар боюнча, тинтүү депутаттын жардамчысы жасалма документтерди жасаган деп шектелгенине байланыштуу болууда. Аны атайын кызматка суракка алуу үчүн алып кетишти.