Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын Түркиянын бир жараны менен алмашууну сунуштады.
«Кыргызстанда кылмыш кылып абакта отурган Түркиянын жарандары менен Орхан Инандыны алмашуу маселесин көтөрүш керек. Башка вариант жок да, туурабы? Болбосо кинолордон көргөндөй биз дагы Түркиядан бирөөнү уурдап келип анан алмаштырышыбыз керек. Менин жеке пикиримде ал кайсы улуттан болбосун өз жараныбызды коргошубуз керек», — деди Маматалиев.
Эл өкүлүнүн бул билдирүүсунөн соң соцтармак колдонуучулары Турциядан кимди уурдоо керектиги тууралуу тамаша кептерин ортого салышты.