Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Эске салсак, Зарылбек Рысалиев 2017-жылы саясатчы Өмүрбек Бабановдун ордуна «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болуп келген.
Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиевдин крим төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча соттуулугу бар. Мыйзам боюнча ал Жогорку Кеңеште депутат болуп отура албайт.
Анын ордуна Жээнбаев Өскөнбай келээри белгилүү болду.