Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болуп турганда башкы прокурор Курманкул Зулушевге качкын президент Курманбек Бакиевди реабилитациялоо тууралуу кат жолдогону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев билдирүү жасады.
«Айрым маалымат каражаттарына жана интернеттеги баракчаларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев тарабынан фракция лидери кезинде жазылды деген жалган каттын сүрөтү тароодо. Каттын номери, андагы Курманбек Бакиев тууралуу айтылган сунуштар жана аягында коюлган кол дагы жасалма экенин белгилейбиз. Айрыкча, чыгыш номуру 6-6651/22 болгон кат эч кандай базада жок. Тилекке каршы, технологиянын өнүккөн мүмкүнчүлүктөрүн туура эмес багытта пайдаланып, жасалма документтерди жасоо жана жашыруун булактар аркылуу жалган маалыматтарды таратуу адатка айланганы өкүндүрөт. Андыктан Төраганын атын жаман аттуу кылуу максатында ушундай жалган маалыматтарды таратып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуудан карманууга чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.
Социалдык тармактарда «Нурланбек Шакиев «Ата журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери кезинде башкы прокурор Курманкул Зулушевге мурдагы президент Курманбек Бакиевди актап берүү өтүнүчү менен кайрылган» кат жарыяланган.

