• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чолпон-Атада чыр-чатактын кесепетинен бир жигит каза болду. Шектүүлөр кармалды

19 Баш оона 20258:10 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» пансионатында эс алуучу сабап өлтүргөн деген маалымат тарады. Жаш жигиттин каза болгондугу тууралуу маалыматты туугандары жарыялашкан.

Ысык-Көл облустук ИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 16-августта саат 10:25 чамасында райондук ооруканадан нөөмөт бөлүмүнө туристтик зонанын аймагында 2001-жылы туулган А.А.нын каза болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Алдын ала маалымат боюнча, 15-августтан 16-августка караган түнү каза болгон адам менен анын таанышы белгисиз адамдар менен чырдашкан.

Натыйжада А.А. жаракат алып, каза болгон. Окуя болгон жерден жыгач таяк табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөө учурунда үч шектүү кармалган: Ак-Суу районунун 13 жаштагы тургуну, ошондой эле Түп районунун 16 жана 18 жаштагы тургундары. Ысык-Көл райондук соту аларды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 349