• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Динара Кийикбаева: Кайрымдуулук иштерине өзгөчө көңүл бурам

3 Бугу 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Динара Кийикбаева.

Кийикбаева 34 жашта, Түп районунун Тогуз-Булак айылынан келген.

«Мектепте 15 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалиммин. Жергиликтүү кеңештин экинчи чакырылыштагы депутаты болуп шайландым. 2003-жылдан бери арабдардын долбоорунун алкагында айылыбызга пайдалуу иштерди жасап жатабыз. Алсак, кайрымдуулук иштерине өзгөчө көңүл бурабыз. Бул тренингден керектүү кеңештерди алуу үчүн келдим»,-деди Кийикбаева.

Количество просмотров: 94