• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Диний билим берүү иретке келтирилет

30 Чын куран 2019 18:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

2014-жылы КР перзидентинин жарлыгы менен 2014-2020-жылга чейин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган.

Анда диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максаты коюлган. Максатты ишке ашыруу үчүн «Диний окуу жайларды реформалоо» тууралуу концепция иштелип чыккан. Концепциянын алкагында кандай иштер аткарылганы жана окуу жайлардын келечеги боюнча бүгүн, 30-апрелде Бишкек шаарында «Диний билим: реформалоо максаттары жана аткарылышы”, — деген темада конференция өттү.

Иш-чараны Булан институту жана КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы биргеликте уюштурган. Конференцияга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адистери, Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү, дин таануучулар, ЖОЖдордун теология факультеттеринин окутуучулары, агартуучулар, көз карандысыз эксперттер, диний окуу жайлардын мугалимдери жана ММК өкүлдөрү катышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия бул күнү Кыргызстандагы диний билим берүүнү жөнгө салуунун тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анын максаты — ар бир жарандын өз тандоосу боюнча, жекече же башкалар менен кошо диний билим алуу укугун камсыз кылуу.

Ошондой эле диний окуу жайларынын билим берүү жараяны боюнча мамлекеттик саясаттын принциптери, укуктук ченемдер белгиленет.

Количество просмотров: 12