• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Дипломатияда Кыргызстан коңшулардан чабалбы?

17 Үчтүн айы 2018 18:45 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек.  17.01.2018  Govori.Tv

Ири каражат ишенимге байланат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин дүйнөлүк саясатта кадыры артып, дипломатия жаатында өз орду бар экени ачыкталып калды. Айталы, ал кечээ АКШнын Президенти  Дональд Трамп менен жолугушуп, эки өлкөнүн эле эмес эл аралык глобалдуу маселелерди биргелешип чечүүгө белсенди.

Маселен, өзөктүк куралдануу боюнча Нурсултан Назарбаев  Казакстан өзөктүк куралдан баш тарткан дүйнөдөгү төртүнчү мамлекет экенин, мындай куралдарды сыноочу эң чоң сыно талаасын жаап салганын, андыктан, башка өлкөлөр менен бул маселе сүйлөшүүгө толук моралдык укугу бар экенин айтып, Орусия менен АКШнын ортосундагы салкын мамилени жакшыртууга чакырган.  Ошондой эле ал мындай пикирин Иран өлкө башчысына да айтканын, Кытай менен АКШнын мамилесин жакшыртууга да кызыкдар экенин билдирген .

Өз кезегинде Дональд Трапм да Казакстандын 2015-жылга карата дүйнөдөгү өнүккөн 50 мамлекеттин катарынан орун алууга жасаган аракетин кош колдоп колдоорун айтып, экономикалык алакаларды чыңдоо үчүн ынтызарлыгын билдирген. Натыйжада, эки мамлекет ортосунда жалпысынан 7 млрд. АКШ долаары өлчөмүндө соода-сатык келишимдери түзүлүп, Нураке өлкөгө олжолуу кайтып келди.

Буга кошумчалай кетсек,  Казакстан былтыркы жылы Кытай Эл Республикасында иш сапарда болуп, жыйынтыгында 8 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө ири инвестициялык келишимге кол коюп кайткан. Ал эми Орусия менен болгон акыркы келишмге ылайык, Казакстан коңшулашы Орусия менен болсо жыл сайын 5-7 млрд. АКШ  доллардын тегерегинде экономикалык байланыштарын чыңдап келе жатат.

Реформаторду кошуналар да колдойт…

Андан ары уласак, түштүк тараптагы коңшубуз Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеевдин шайлангандан берки жасаган аракеттерине бул жакта туруп биздин жүрөк жылыйт. Ал Ислам Каримовдон калган  автократиялык режимдеги мамлекетти аз убакыттын ичинде эле демократиялуу, прогрессивдүү өлкөгө баштандырып койду. “Өзбекстан үчүн эң башкы өнөктөш бул-Азия” деп ураан чакырган ал Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан, Кытай менен мамилелердин жандандырып, дүйнөдөгү эң күчтүү саясий лидерлербин бири болуп чыга келди.

Экономикалык алакаларынан кеп урсак, өткөн жылы Шавкат Мирзеев да АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушуп, эки өлкөнүн арасындагы экономикалык байланыштарды жаңыртып, 34 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө келишимге кол коюп келген.  Аны менен эле жөн калбай, Орусияга жасаган иш сапарында Владимир Путин менен тамашалашып отуруп эле, 12 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө ири инвестициялык долбоорлорго, 3,8 млрд. АКШ долларын өлчөмүндө соода-сатык келишимин түзүп баса бергени бар.  бул дагы эч нерсе эмес, Азиянын эң кубатуу өлкөсү Кытайга жасаган иш сапарында Шавкат Мирзеев Си Цзиньпиндин жумшартып, 20 млрд. АКШ доллары өлчөмүндө өлкөсүнө инвестиция тартууга келишим түзгөн.

Ал эми боордош Түркия менен болгон мамиледе, Шавкат Мирзеев Тайип Эрдоган менен бир туугандай кучак жайышып, 3,5 млрд. АКШ доллары суммасына инвестициялык келишимди бекиткени турмуш чындыгы.

Кыскасы, Өзбекстандын азыркы президенти кызматына киришкенден бери жалпысынан 60 млрд. АКШ долларынан ашуун өлчөмүндө ири инвестиция тартууга жетишкени, дипломаттык чеберчилик эмей эмне?

Кыргызстанга кызыгуу жокпу же…?

Ал эми Кыргызстанга келсек, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей эле кеп. Же болбосо, тилеке каршы, биздин акыркы алты жылдагы президентибиз ат тезегин кургатпай, дүйнө кезип, өлкө үчүн аракетин кылгандай болду. Бирок, коңшуларга салыштырмалуу  акыркы жылдары өлкөгө сырттан келген инвестициялардын суммасын карап туруп, кошуналардан уялып кетесиң.

Мисалы, 2017-жылдын ноюярында ал кездеги Президентибиз АКШнын президенти Дональд Трамп менен БУУнун Башкы ассемблеясынын 72-сессиясынын алкагында жолугуп, жөн гана ал-ахыбал сурашуу менен сүрөткө түшүп кайтып келген. Бириккен Араб Эмираттыгына болгон сапары да ушул эле маанайда уланып, арабдарды конокко чакырып келе берген.

Ошондой эле Кытай мамлекетине болгон иш сапарда президенттер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык ала-катыштар ырааттуу өнүгүп жатканын айтышып, анын ичинде “ЛЭП-Датка”, “Бишкек ТЭЦи”,  Түндүк-Түштүк алтернативдүү жолунун курулушу боюнча жардамдарга ыраазычылык билдирип, дипломатиялык гана келишимдерге кол коюлган. Бирок, миллиарддык инвестициялар тууралуу сөздү эч жерден уккан жокпуз..

Президенттин сырттан тарткан каражаттарынын көзгө басымдуусу эле Түркия менен Германиядан келген жардамдар болуп кала берди. Айталы, Түркия болсо боордоштугун кылып, 35 млн. карызыбызды кечкенден сырткары 100 млн. доллар грант берип, ичибизди жылыткан. Ал эми Ангела Меркель Кыргызстандын Евробиримдиктин алдындагы 13,5 млн. евро карызын кечип, андан тышкары аймактарды өнүктүрүүгө 70 млн. евро грант бере турган болгон.

Орусия болсо, эзелки өнөктөш өлкөнү  жерге таштамакпы, 500 млн. АКШ долларынан ашык карызыбызды кечип, 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция берип, чекебизден сылап келе жатат.

Жыйынтыктай келгенде, коңшуларга салыштырмалуу Кыргызстан сырттагы өлкөлөр менен экономикалык алаканы кызыта албай жатканы чындык. Бул боюнча, азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбеков батыл кадамдарды жасап, өнөктөштөр ишене турган саясий абалды түзүшү керек. Болбосо, Кыргызстан гидроэнергетика, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, баалуу кендерди иштетүү, туризм  тармагында ири өлкөлөр кызыга турган эле бай өлкө. Болгону,  сырткы саясатта туураа жүрүштөрдү жасап, коңшулардын да көңүлүн кирдетпей, инвесторлор үчүн ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө шарттарды ордуна коюшу зарыл.

 

 

 

Количество просмотров: 28