• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Директорлорду конкурс аркылуу дайындоонун тесттик материалдары сатылуудабы? Министрликтин жообу

1 Баш оона 2022 14:55 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда “Директорлорду конкурс аркылуу дайындоонун тесттик материалдары сатылып жатат”, “орундар сатылып, чечилип калган” өндүү маалыматтар тарап жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы коомчулукту бүдөмүк ойлорго салуучу, далилсиз пикирлерди таратпоого жана конкурстун ачык-айкын өтүүсүнө залакасын тийгизүүчү тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Министрлик ошондой эле сынак коррупциясыз, ачык-айкын жана таза өтө турганын маалымдайт.

«Конкурсту өткөрбөө максатында айрым кызыкдар тараптардын орунсуз айыптоолору интернет айдыңында учурда тарап жатканын билдирет. Социалдык тармактарда жарыяланып жаткан сөздөр, айыптоолор куру, далилсиз, негизсиз жана чындыкка дал келбейт. Буга чейин белгиленгендей, директорлорду конкурс аркылуу дайындоо коррупциядык көрүнүштөр менен болгон күрөштүн негизги үлгүсү болот. Сынактын жүрүшүн каалаган адам онлайн режиминде байкап тура алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 966 мектепте сынак жүргөнү турат.

Кыргызстан боюнча 2 миң 333 мектеп бар.

Каалоочулар сынамык тесттен да өтө алат.

Количество просмотров: 3476