• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанда жаңы окуу жылында 27 жаңы мектеп, 13 бала бакча пайдаланууга берилет

14 Баш оона 202419:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда быйылкы жаңы окуу жылында 40 билим берүү мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.

Анын сөзүнө караганда, пайдаланууга берилүүчү мекемелердин 27си мектеп, 13ү бала бакча.

Өкмөттүн маалыматына караганда, акыркы үч жылда 214 жаңы мектеп салынды. 2023-жылы 105 мектеп пайдаланууга берилген.

Количество просмотров: 170