Бүгүн, 14-августта Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий комплексинде селден кийин тазалоо иштери уланды. Шаардагы мектептердин мугалимдерин комплексти тазалоого алып чыгышканына нааразы болушту.
Билим берүү жана илим министрлиги «Рух Ордодо тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине мугалимдерди тартуу боюнча эч кандай буйрук болгон эмес, бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мугалимдерди жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин комплексти калыбына келтирүүгө жардам берүүнү суранган. Бул жарандык милдет катары кабыл алынышы керек», — деп билдирди.