• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Директорлорду тандоо. Баткенде компьютердик тестирлөөдөн 60 талапкер өттү

11 Баш оона 2022 15:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Баткенде мектеп директорлорун тандоо боюнча компьютердик тестирлөө аяктады. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тестирлөөгө мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына 147 талапкер катышты.

Ошондой эле тестирлөөгө катталган 2 талапкер сынакка келген жок.

Жыйынтыгында босого баллдан 60 адам өтүп, 87си керектүү упайды топтой албады.

Тестирлөөдө бир талапкер 74% менен эң жогорку көрсөткүчкө ээ болду.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 98 ваканттык орун бар болчу.

Количество просмотров: 137