• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дмитриевкадагы атышуудан жаракат алган күч кызматкери операцияга даярдалууда

17 Бугу 202314:38 Бишкек Govori.TV

Дмитриевка айылындагы атайын операция маалында жаракат алган күч органдарынын бир кызматкерлери операцияга даярдалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай жараат алган кызматкерлердин бири текшерүүдөн кийин амбулатордук дарылоого которулган. Ал эми экинчи кызматкер операцияга даярдалууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, эртең менен Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүшкөн. Кармоо учурунда каршылык көрсөткөн террорист жок кылынганы кабарланган.

Количество просмотров: 117