• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Добуш берүүгө келген Садыр Жапаровдун колун белгисиз аял өпкөнгө аракет кылды (видео)

10 Үчтүн айы 2021 11:43 Бишкек Govori.TV

Шайлоочу добуш берип чыгып келе жаткан талапкер Садыр Жапаровдун алдынан чыгып, учурашып, колун өпкөнгө аракет кылган видео тарады. Жапаров аны токтотуп, пайгамбардын колун гана өпсө болот деп жооп берген.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда жайгашкан №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого жана референдумга добуш берүү үчүн жубайы менен бирге келген.

С.Жапаров добуш бергенден кийин бардык талапкерлер ал үчүн негизги атаандаш экенин айтты. Ал эми жыйынтыгын бардык тараптар таанышы керек деген пикирин кошумчалады.

Количество просмотров: 6023