• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Догоев санариптик өнүктүрүү министринин м.а. болуп дайындалды

26 Тогуздун айы 2021 16:30 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Ошондой эле Дастан Догоевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынат.

Количество просмотров: 259