• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттар санариптик өнүктүрүү министри кызматына Догоевдин талапкерлигин жактырды

27 Тогуздун айы 2021 16:24 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш санариптик өнүктүрүү министри кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырды.

Жалпы катталган 80 депутаттын баары «макул», деп добуш берди.

Кошумчалай кетсек, президенттин жарлыгы менен министрлер кабинетинин түзүмүндө санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөн.

Дастан Догоев 1986-жылы 3-августта Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү.

Билими:

  • 2007 — Лондон Кавендиш колледжинде «Бизнести башкаруу» адистиги;
  • 2008 — Кингстон университети, бакалавр, «Бизнести башкаруу»

адистиги;

  • 2009 —Квалификациясын жогорлатуу максатында «Алдын ала түзүлгөн программа», » ХАССПтын алдын ала беш баскычы», «ИСО 22000-2005тин жети шарттуу процедурасы» курстарын окуган;

Эмгек тажрыйбасы:

  • 2012—2014 — долбоорлорду башкаруу бөлүмүнүн башчысы, Каржы министрлигинин алдындагы «Инфо-система» мамлекеттик ишканасынын мекемени өнүктүрүү жетекчисинин орун басары;
  • 2014 – 2017 —Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 22.06.2017 – 14.02.2018 — Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси;
  • 05.06.2018 — КР президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси.
Количество просмотров: 61