• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Азамат Дыйканбаевдин ордуна Дастан Догоев министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары болду

20 Бугу 2021 19:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалды.

Эскерте кетели, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев ири өлчөмдө пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымат боюнча, Коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабын ишке ашырган чет өлкөлүк компаниянын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кошумчалангандай, Азамат Дыйканбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 325