Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев дээрлик сегиз саат бою Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты. Адвокат Бакыт Осмоналиев Догоев күбө катары суракка чакырылганын билдирди.
Буга чейин, Догоевди саат 11де УКМК кызматкерлери алып кеткен бойдон чыкпай жатканы айтылган.
Быйыл 22-февралда биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) өкүлдөрү өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкен деген негизде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар адамдар катары жалпысынан 15 кишинин аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин да аты бар болчу.
УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Дастан Догоевдин кармалганы тууралуу маалыматты «туура эмес» деп атады жана ал кармалбаганын билдирди.