• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Долон капчыгайындагы соода-сатык жүргүзгөн павильон, вагондор алынат

7 Чын куран 2025 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон капчыгайында мыйзамсыз жайгашкан соода-сатык жүргүзгөн павильон, вагондорду жана талапка жооп бербеген курулуштарды алдыруу боюнча мониторинг жасалды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалымдалгандай, буга чейин 40 боз үй участогундагы вагон, павильон ээлерине прокуратуранын сунушу менен транспорт инспекциясы тарабынан бир нече жолу билдирүүлөр берилген.

Билдирүүгө ылайык 2025-жылдын апрель айында мыйзамсыз коюлган курулуштар, вагон, павильондор ал жерден алынат.

Мындан сырткары, Нарын облустук жер, суу көзөмөлдөө кызматынын башчысы Б.Сагыналиевге мониторинг жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди.

15-апрелге чейин айыл өкмөт, токой чарба кызматы тиешелүү жерлерди аныктап башка участокторду сунуштайт.

Количество просмотров: 183