• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Акылбек Жапаров жаңыланган вагондун биринчи жүргүнчүсү болуп, Балыкчыга барды (видео)

29 Кулжа 2022 13:50 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Балыкчы темир жол каттамындагы поезддин жаңыланган вагону менен акыркы аялдамага чейин барып, оңдоо иштеринин сапатын көзөмөлдөдү.

Маалым болгондой, «Кыргыз темир жолу» ишканасы өз күчү менен вагонду модернизациялап, заманбап муздатуу системасы, панорамалык терезелер менен жабдып, аны орнотуу үчүн шыптарды, полдун аянтын бекемдөө, эшиктерин, санитардык түйүндөрдү орнотуу боюнча кошумча иштер жүргүзүлдү.

Акылбек Жапаров жаңыртылган транспортту көрүп чыгып гана тим болбостон аны иш жүзүндө да сынап көрүп, Балыкчы пунктуна чейин жеткени абдан жакшы көрүнүш болду.

«Келечектеги пландарга токтолсок, «Кыргыз темир жолуна» мамлекеттик деңгээлдеги жаңы жетекчиликтин келиши менен биз өзүбүз үчүн принципиалдуу чечим кабыл алдык жана темир жол паркын олуттуу түрдө жаңырта баштайбыз. Ал үчүн бизде оңдоочу цехтер да, чебер колдор да бар, эң негизгиси, адамдар ыңгайсыздыкты сезбеши үчүн жүргүнчүлөрүбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштөөгө болгон каалообуз бар. Анткени жайдын аптаптуу мезгилинде көптөгөн адамдар балдары менен эски жана тар вагондордо бир нече саат жол жүрүүгө аргасыз болушат, ал эми кышында сууктан жана шамалдан кыйналышат. Ал эми биздин өлкө жетекчилигинин максаты — биринчи кезекте карапайым адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштөө боюнча биздин максаттарга дал келет», — деди «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы инженери Роман Спасский.

Количество просмотров: 2391