АКШнын Пенсильвания штатында полициянын огунан каза тапкан кыргыз жигитинин өлүмү иликтенет. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу билдирди.
Маалыматка караганда, элчи трагедияны адилеттүү иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды. Дональд Лу жакын арада өлүм тууралуу расмий баяндама берилерин белгиледи.
Буга чейин Пенсильвания штатында Кыргызстандын жараны полициянын огунан каза болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Азырынча полиция эмне себептен ок чыгарганы белгилүү боло элек.