• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Украина: Донецкте жардыруудан төрт адам жараат алды

29 Аяк оона 2018 20:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.09.2018.Govori.TV.

Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер ээлик кылып турган Донецк аймагында 29-сентябрда жардыруу болду. Андан төрт адам жараат алганы кабарланды. Алардын арасында Донецк элдик республикасы деп атап алган аймактын башчылыгына талапкер Игорь Хакмиязов да бар.

Жардыруу аймактагы бейформал топтордун биринин жыйыны өтүп жатканда болгон.

“Жыйындын катышуучулары имараттан чыга баштаганда бир нерсе жарылды. Жардыруучу зат имараттын кире беришинде болгон”,-деп айтып беришти окуянын күбөлөрү.

Бул аталган аймакта акыркы апталардагы алгач жардыруу эмес. Донецк аймагындагы жикчилдердин мурдагы лидери Александр Захарченко быйыл 31-августта кафеде отурган кезде болгон жардыруудан каза тапкан. Анын өлтүрүлүшү үчүн жоопкерчиликти расмий Москва менен Киев бири-бирине жүктөгөн.

Количество просмотров: 25