• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин көзү тирүү болгондо 81 жашка чыкмак

13 Бирдин айы 2020 18:22 Бишкек Govori.TV

Жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз эл баатыры, Эл артисти Дооронбек Садырбаев быйыл көзү тирүү болгондо 81 жашка чыкмак.

Дооронбек Садырбаев азыркы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы «Бирлик» колхозунда) 1939-жылы 13-февралда туулган. Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган.

Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн.

1995-жылдан тартып көзү өткөнчө ал Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон. Дооронбек Садырбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзгөчө жигердүү депутаты болгон. Ал депутат кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган. 21-кылымдын башында Кыргызстанда бир катар оппозициячыл нааразылык жыйындарын уюштурууга катышкан.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Дооронбек Садырбаев 2008-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган.

Количество просмотров: 71