• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

«Дордой»базары убактылуу жабылат

21 Жалган куран 2020 17:56 Бишкек Govori.TV

«Дордой» соода комплекси ишмердүүлүгүн убактылуу токтотот. Коронавирус дартына байланыштуу 23-мартта жабылган базардын кайра ачыла турган мөөнөтү өлкөдөгү кырдаалга жараша чечилет. Бул маалыматты Tazabek басылмасына комплекстин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөөталиева билдирген.

«Базар бош турат, сатып алуучулар жок. Ал эми ижара, патент деген бар, айрымдарында ипотека бар. Салык кызматынан эгерде контейнер ачык турса иштеп жатканына же иштебегенине карабай патент төлөнө турганын айтышты. Ишкерлер кол чогултуп берип, базарды жаба турган болдук», — деп билдирген төрайым.

Белгилей кетсек, Казакстан чек арасын жапкандан бери базардагы кардарлардын саны азайган болчу.

Количество просмотров: 441