“Дордой” базарындагы нааразычылык акциясынан кийин 1 жаран кармалды. Маалыматты Govori.TVга Сведлов РИИБден тастыкташты.
Милициянын маалыматына караганда, “BespredelKG” баракчасына “Дордой” базарынын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, адамдын денесине залал келтирген видео тараган.
Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары митингдин бир катышуучусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, 30-ноябрда «Дордой» базарынын соодагерлери базарга киргизилген өзгөчө салык режими нааразы болуп, митингге чыгышкан.