• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«Дордой» базарындагы өрттөн ӨКМ кызматкери жабыркады

5 Теке 202217:24 Бишкек Govori.TV

«Дордой» базарындагы өрттөн үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, контейнерден чыккан өрт саат 14:18де толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түздү.

«Тилсиз жоонун кесепетинен 3 адам жабыркаган. Түтүнгө уулангандардын бири – Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 3125