• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Дордой-Моторс» базарынын жанындагы кафеден өрт чыкты

28 Кулжа 2021 16:41 Бишкек Govori.TV

«Дордой-Моторс» базарынын аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу окурмандар билдирип, жеринде тартылган видео жиберишүүдө.

Алардын айтымында, өрт базардын жанында жайгашкан кафеден чыккан.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кененирээк маалымат таратты. Маалыматка караганда, Ленин районунун «Дордой Моторс» унаа тетиктер базарынын аймагында жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до Ленин райондук ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 16:30да чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет», — деп билдиришти аталган министрликтен.

Количество просмотров: 2734