«Дордой» базарындагы өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, базардын аймагындагы эки эки кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды.
«Өрттүн жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзөт. Аталган контейнерлерде тез тамак жасалуучу жана кийим сатуучу жайлар жайгашкан», — деп айтылат маалыматта.
Кырсык катталган жерге 60 куткаруучудан турган жети бөлүм, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет.