Дордойдун соодагерлери базарды оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу орундарынын жылганына нааразычылык билдиришүүдө.
Бул тууралуу Govori.TV маалымат агенттигине аталган базардын соодагерлери билдиришти.
Базардын жылуусуна алар нааразы. Себеби алар, соодасын өнүктүрүп, отурукташып, бизнесин түптөп алышкан. Жаңы бөлүнгөн жерге көчүп баарууда алар кардарларын жоготуп алабыз,соодабыз мурункудай болбойт деген коркунучта турганын билдиришти.
Эскерте кетсек, учурда Дордой базарын иретке келтирүү максатында оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Акыркы жылдары соода солгундап кеткенине байланыштуу базар жетекчилиги соодагерлерге жакшы шарттарды түзүп берүү аракетин көрүп келет.
Бирок бул аракет эл кызыкчылыгы үчүнбү,же жеке чөнтөк үчүнбү бир тараптуу жооп берүү кыйын.